Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Жазгы талаа иштерине даярдык начар болуп жатканы айтылды


Чүй облусу.
Чүй облусу.

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев жазгы талаа иштерине даярдык маселесин көтөрдү. Ал шайлоочулардан даярдык жакшы эместиги тууралуу кайрылуулар түшүп жатканын айтты:

"Бизде эч кандай даярдык жок, күйүүчү-майлоочу май, үрөн беребиз дешти эле. Ошол болобу, болбойбу?” деп элден кайрылып жатышат. Болсо болот, болбосо болбойт деп эртерээк маалымат берип коюш керек”.

Жазгы иштерге Кыргызстанга жалпысынан 42 миң тонна кара май керек экенин, мунай базаларында жана май куюучу станцияларда 25 миң тонна дизель майы, 20 миң тонна бензин бар экенин өкмөт 25-февралда билдирген.

XS
SM
MD
LG