ВИЧти өз алдынча аныктай ала турган тест-системалар бекер таратылат

ВИЧти өз алдынча аныктоо боюнча тест-система.

Кыргызстандыктарга ВИЧке өз алдынча текшерилүү мүмкүнчүлүгүн бере турган долбоор иштей баштады. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жардамы менен бүгүн 21-февралда ишке ашырыла баштаган долбоор алкагында тест-системалар Бишкектин, Оштун жана Чүй, Ош облустарынын аймагында жайгашкан 32 дарыканада бекер таратылат.

Долбоорду ишке ашырууга "Неман-Фарм" компаниясы көмөктөшөт.

ВИЧ бар же жогун шилекей аркылуу аныктай ала турган тест-системаны каалоочулар www.epictest.live сайты аркылуу каттоодон өтүп ала алышат.

Дарыгерлер мындай ыкма аркылуу ВИЧ жуккандарды аныктап, тийиштүү терапияны эрте баштоого жардам болорун белгилешти.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 2021-жылы ВИЧ менен 9200 адам каттоодо турган. Учурда алардын 4 миңден ашууну антиретровирустук терапиядан өтүүдө.

Дагы караңыз

Оккупацияланган Запорожьеде иштеген мигранттар акчасын ала албай калганын айтып чыгышты Айып пул үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды Хатайдагы зилзалада кеминде алты киши каза болдуЕРӨБ кыргыз экономикасы 2023-жылы 7% өсүш болорун божомолдоду