Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Айып пул үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды


Бишкек шаары. 2023-жыл.
Бишкек шаары. 2023-жыл.

Жогорку Кеңештин тармактын комитетинде жол эрежесинин айып пулдарын төлөөнү жөнөкөйлөштүрүү боюнча мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору айып пулдар үчүн чет өлкөгө чыга албай калгандардын маселесин чечүү үчүн сунушталып жатканын билдирди. Сот департаментинин жетекчисинин орун басары Кубат Черикчиев бул “Коопсуз шаар” долбоорунун айып пулдарына гана тиешелүү экенин белгиледи.

“Бул жакшы сунуш болуп жатат. Азыр мамлекетке карызы бар жаранга сот аткаруучу токтом чыгарат. Токтомдун негизинде чет өлкөгө чыгууга тыюу салынат. Бул сунуш өтүп кетсе жол эрежесин бузган айып пулдарга сот токтом чыгарбастан, система өзү эле ал жаранга чет өлкөгө чыгууга чектөө коет. Ал жаран карызды бардык төлөм системасынан төлөгөндөн кийин эле дароо чектөө алынат”, - деди Черикчиев.

Бир нече депутат жол эрежеси гана эмес, башка айып пулдарга дагы чек арада атайын система менен төлөп, чектөөнү алууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек экенин айтышты.

“Сот аткаруучулардын макамы жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Буга чейин парламент депутаттары 1000 сом айып пул үчүн чектөө киргизилип калганын билбей, айрым жарандардын кымбат алган авиа билеттери күйүп кеткен учурлар бар экенин айтышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG