Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Хатайдагы зилзалада кеминде алты киши каза болду


Куткаруучулар урандылардын астынан кишилерди алып чыгууда.
Куткаруучулар урандылардын астынан кишилерди алып чыгууда.

20-февралдын кечинде Түркия менен Сириянын чек ара аймагында эки жолу жер титиреп, кеминде алты киши набыт болуп, 300дөйү жараат алганы расмий кабарланды.

Күчү 6,4 жана 5,8 баллга жеткен зилзаланын очогу бул ирет да Хатай чөлкөмүндө болгон. Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын айтымында, февралдын башындагы катуу жер титирөөдөн бүтүн калган ооруканалардагы бейтаптарды эвакуациялоого туура келди. Хатай провинциясынын жетекчиси урандылардын алдында адамдар калганын билдирди.

Кошуна Сирияда да каза тапкандар бар деген маалыматтар айтылууда. Бирок курмандыктардын так саны белгисиз.

6-февралда ушул эле аймактарда күчү 8 баллга жакындаган зилзала 46 миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти, жараат алгандар 115 миңдей болууда.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу башкармалыгы (AFAD) зилзала катталган аймактагы жарандарга жээктерде цунами болорун эскертүүдө. Бул мекеме 20-февралда Хатай жана Кахраманмараш провинциялардан башка тогуз аймакта издөө, куткаруу иштери аяктаганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG