Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

ЕРӨБ кыргыз экономикасы 2023-жылы 7% өсүш болорун божомолдоду


Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7%, 2024-жылы 7,2% темп менен жогорулайт деген болжол чыгарды. Бул тууралуу банктын макроэкономикалык жаңы баяндамасында айтылган.

Банк быйыл Тажикстандын экономикасы 8%, Өзбекстан менен Түркмөнстандын экономикасы 6,5% жана Казакстандын экономикасы 3,5% өсөт деп божомолдогон.

Өткөн жылы Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн, АКШнын, Улуу Британиянын жана башка мамлекеттердин Борбор Азиядагы өлкөлөргө экспорту өскөнүн белгилейт. Экспорт өзгөчө Кыргызстан менен Арменияга көбөйгөн. ЕРӨБ бул жагдай быйыл да уланарын, ошол себептүү Борбор Азиядагы экономика адаттагыдан көбүрөөк секирик жасай турганын билдирди.

Мекеме чөлкөмгө экспорттун көбөйүшүн аларга келген товарлар көбүнчө Орусияга реэкспорт болуп жатканы менен байланыштырат. Батыштын санкцияларынан улам Орусиянын өзүнө көп товарларды түз ташып келүү мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн ички дүң продуктусу (ИДП) 2023-жылы 3,9%, 2024-жылы 4% өсөт деген жоромолун расмий түрдө жарыялаган. Январдын эсебинде өсүш 4,8% түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ИДӨ соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4% чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыкты. Айрымдар бул эки жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу төмөндөп кеткен экономиканын фонунда көп көрүнүп жатканын белгилешүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG