Камчыбек Ташиев Атамбаевдин абактан чыгышына тиешеси жоктугун билдирди

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан чыкканы тууралуу комментарий берип, ага эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Ташиевдин билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

“Менин Испанияда жерим, үйүм бар экенин, Атамбаев менен биригип, сүйлөшүп алып жатканымды жазып чыгышты. Далил катары Атамбаевдин Испанияга барып дарыланарын бетке кармашат. Мындай версияны орусиялык “Регнум” порталы да айтып чыкты. Мунун баары, албетте, суу кечпеген нерсе, калп”, - деди Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы Испанияда жашы 18ге чыга элек баласы “Барселонанын” жаштар командасында ойноп жүргөнүн айткан. Ташиев Атамбаевди эркиндикке чыгарган сот чечимин кубаттай турганын билдирди. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун мурунку президенттерди чогултканын колдой турганын айткан.

20-февралда орусиялык REGNUM басылмасы Атамбаевдин абактан бошотулганы, Кыргызстандагы акыркы саясий окуялар жөнүндө макала жарыялаган. Анда Атамбаев менен Ташиевдин аты аталат.

14-февралда абактан бошотулган Алмазбек Атамбаев 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткени айтылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Жогорку Соттун басма сөз кызматы соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чечимди жокко чыгарып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөнүн билдирген.

Көп өтпөй Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин Дубайда жолукканы белгилүү болду. 18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургузганын Фейсбук баракчасына жазган. Мындай кадамга эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн бардым деп түшүндүргөн. (TSh)

Дагы караңыз

Айып пул үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды Хатайдагы зилзалада кеминде алты киши каза болдуЕРӨБ кыргыз экономикасы 2023-жылы 7% өсүш болорун божомолдодуКыргызстандын жаратылышы жөнүндө баяндаган сайт иштей баштадыСот “Азаттыктын” ИИМдин тергөөчүсүнө каршы жазган арызын кароону улантты