Ошто медреседе 12 жаштагы бала катуу сабалган

Ош облустук ички иштер башкармалыгы.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы медреседе катуу сабалган окуучу тууралуу маалыматты ырастап, билдирүү таратты. Анда өткөн жылдын 9-декабрында Оштогу уруксат кагаздары жок медреседе 12 жаштагы өспүрүм катуу токмок жеп, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү айтылат.

Оштун Ноокат райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш козгоп, аны 13-12 жаштагы эки бала сабаганы аныкталган. Милиция шектүүлөрдүн жашы 14кө толбогондуктан кылмыш иши кыскартылганын билдирди. Шектүүлөр атайын каттоого алынып, ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 102-беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Ата-энелик милдеттерден качуу”) негизинде айып пул салынган.

Милиция бул жагдай боюнча нааразы болгон тараптар жарандык тартипте сот органдарына кайрылууга укугу бар экенин билдирди. Облустук милиция Рауза атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан, аны жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилганын кабарлады.

Бул окуя учурда социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда. (TSh)

Дагы караңыз

Адвокат: “Азаттыкты" жабуу тууралуу Маданият министрлигинин арызы негизсизЭлТР телеканалы "ПолитКлиниканы" сотко бердиАжы башчыга алданып калганын айткандар митингге чыгыштыТогуз-Тородо кар көчкүдөн бир киши каза болдуПиязды сыртка сатууга тез арада уруксат берүү сунушталды