Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Адвокат: “Азаттыкты" жабуу тууралуу Маданият министрлигинин арызы негизсиз


Бишкектин Ленин райондук соту. 20-февраль, 2023-жыл.
Бишкектин Ленин райондук соту. 20-февраль, 2023-жыл.

Бүгүн, 20-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу арызы боюнча соттук отурум өттү. Анда “Азаттыктын” адвокаты Акмат Алагушев доогер тараптын арызы так жазылбаганын кабарлады.

“Өздөрүнүн доо арызында кандай талап коюлганы так жазылган эмес. Жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу же “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу талабы жазылганбы? Ошол так болбой калган. Мурунку отурумда доогер тарап экспертиза дайындоо жөнүндө өтүнүч болгон. Ал экспертизада кандай суроолор болоору дагы аныкталган эмес. Биз соттон ошолорду тактоону өтүндүк”, - деди Алагушев.

Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, министрликти арыздагы талапты жана экспертизанын суроолорун тактап жазып келүүнү тапшырды. Сот отуруму 6-мартта уланмай болду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева сот отурумунан кийин журналисттерге комментарий берип, арыз толукталарын маалымдады.

“Жоопкер тараптан арыз түшүнүксүз болуп жатканы айтылды. Биз өзүбүздүн доо арызыбыз боюнча маалыматтарды толуктап, сотко жөнөтөбүз”, - деди ал.

“Азаттыктын” адвокаты Акмат Алагушев соттук отурумду ЖМКларга видеого тартууга уруксат берүүнү сурады. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү бул өтүнүчкө каршы болуп соттун башында 10 мүнөт гана тартууга уруксат берүү керектигин билдирди. Ишти карап жаткан судья Чолпон Каримбаева министрликтин өтүнүчүн канааттандырып, соттук жараянды башында 10 гана мүнөт тартууга уруксат берди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы 23-январда маалым болгон.

Министрлик доо арызда эл аралык компаниянын "Настоящее время" телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

"Азаттык Медиа" мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

9-февралда Ленин райондук сотунда арызды кароо башталып, министрликтин экспертиза дайындоо өтүнүчү менен 20-февралга жылдырылган.

Азыркы тапта "Азаттыктын" сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. "Азаттыктын" банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет. (TSh/BTo)

XS
SM
MD
LG