Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Тогуз-Тородо кар көчкүдөн бир киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда 45 жаштагы киши кар көчкү алдында калып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Министрликтин маалыматында, 19-февралда Атай айылынын жашоочусу жылкы карап тоого кеткен. Саат 15:00 чамасында тоодон көчкү түшүп, маркум кардын алдында калган. Жанындагы эки киши аман-эсен куткарылды. Жыйырмадай куткаруучу жана жергиликтүү тургундар сөөктү 18:00дө алып чыгышкан.

Кыргызгидромет борбору 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү ыктымалдыгын кабарлаган. Өткөн аптада тоолуу аймактарда калың кар түштү. ӨКМ кооптуу аймакта жашаган жарандарга эскертүү берүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG