Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Ажы башчыга алданып калганын айткандар митингге чыгышты


Мекке шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Мекке шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Алданып, умрага бара албай калганын айткан 30дай адам бүгүн 20-февралда муфтияттын алдына митингге чогулуп, бийликтен жардам сурашты. Акцияга чыккандар “Азаттыкка” айтып беришкендей, алар, жалпысынан 44 адам, 17-февралга караган түнү умрага учуп кетишмек.

Бирок умра сапарын уюштуруу менен алектенген фирма ажы башчы аларга тийиштүү акчаны толук бербегенин билдирип, сапар үзгүлтүккө учураган.

Муфтияттын өкүлдөрү келишим алар менен түзүлбөгөндүктөн бул ишке эч тиешеси жоктугун айтышкандан кийин чогулгандар ажы башчы камалып отурган милиция бөлүмүнө жөнөп кетишкени, умраны уюштурган фирманын өкүлдөрү да алар менен чогуу экени маалым болду.

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер министрлиги 38 жаштагы шектүү шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин тастыктап, иш Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинин негизинде тергелип жатканын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, арыз 18-февралда түшкөн. Арызданган адам умрага жөнөтүү убадасын берген адам анын 12 миң 150 долларын алып, дайынын таптырбай кеткенин айткан.

Мусулмандар Сауд Арабиясына ажылыктан сырткары Меккеге умрага (кичи ажылык) каалаган убакта барса болот. Кыргызстанда умра сапарын уюштурган атайын фирмалар бар.

Умрага деген акчасын алдамчыларга алдырып койгонун айткандар буга чейин да катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG