Акылбек Жапаров: Авариялык мектептер үч жылдын ичинде курулуп бүтөт

Баткендин Кыштут айылындагы орто мектептин артынан көрүнүшү. 2022-жыл.

Авариялык мектептер быйыл эмес, үч жылдын ичинде курулуп бүтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-февралда парламенттеги өкмөттүк саат учурунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Жапаров быйыл курулушу 50 пайыздан өткөн мектеп жана бала бакчалар бүткөрүлө турганын айтты.

"Жакынкы үч жылда 546 объектин баарын баштап алган экенбиз, ошолорду бүтүрүүгө аракет кылабыз. Жакынкы он жылда демографиялык өсүш болот. Жылына 24 жаңы мектеп куруп турушубуз керек, аны дагы эске алып жатабыз. Авариялык мектептер быйыл эмес, үч жылдын ичинде бүтөт. 65 мектепти тактап чыктык. Азыр дагы 35-40 мектепти тактап жатабыз", - деди өкмөт башчы.

Кыргызстанда авариялык абалдагы мектептердин жаңы тизмесине 301 мектеп киргенин 10-февралда Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун отурумунда Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин директору Гүлмира Жумабекова билдирген.

Кыргызстанда айрым айылдарда балдар эскилиги жеткен имараттарда окуп жатканы тууралуу маселе көптөн бери көтөрүлүп келет.

2022-жылдын 17-майында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы орто мектепте сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте мугалим жана 16 окуучу болгон, алар баары аман калган.

21-ноябрда президент Садыр Жапаров авариялык абалдагы 80 гана мектеп калганын, алар өткөн кылымдын 60-70-жылдары курулган жайлар экенин билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Түркияга жардам эсебине түшкөн каражат 26,3 млн. сомдон аштыЖер кодексинин жаңы редакциясы даярдалуудаКонституциялык сот "Бүтүн Кыргызстандын" элдик курултай тууралуу арызын карайт Улуттук банк валюта рыногуна дагы 35,6 миллион доллар саттыЛуганск: "Вагнердин" согушкерлери көмүлгөн делген жаңы көрүстөн табылды