Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Жер кодексинин жаңы редакциясы даярдалууда


Суусамыр жайлоосу алтыгана тикен бадалынан жабыркап келет.
Суусамыр жайлоосу алтыгана тикен бадалынан жабыркап келет.

Кыргызстанда жалпысынан 9 млн. 34 миң гектар жайыт болсо, анын ичинде 70% жакыны пайдаланууда.

Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 16-февралда парламентте жазгы талаа иштери боюнча өкмөттүк саат учурунда билдирди. Министр жайыт сапатын жакшыртуу үчүн Жер кодексинин жаңы редакциясы даярдалып жатканын айтты.

"Жайыттарда деградация абдан жогору. Ошондуктан Жер кодексинин жаңы редакциясын демилгелеп, жайыттар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Жайыттын сапатын оңдош үчүн жакында жайыт өсүмдүктөрүнүн үрөнүн себүүнү баштайбыз. Суусамырда 81 миң гектар бар. Анын 18 миң гектарын алтыгана, караган каптап кетти. Биз акыркы эки жылда химиялык жана механикалык жол менен күрөшкөнгө аракет кылдык. Бир-эки жылдан кийин эле чыгып атат. Ошондуктан ылдый жагына айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө дыйкандарга ижарага берүү жана башка жолдорун издеп жатабыз", - деди министр.

Жаныбеков быйыл жайыттарга себүү үчүн 50 тонна үрөн келе турганын жана алыскы жайыттарга барууну демилгеп жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков бул багытка акча бөлүнбөсө жайыттардын сапатын жакшыртуу мүмкүн эмес экенин айтты.

Кыргызстан деңизге чыгуучу жолу жок, бийик тоолуу аймак. Айыл чарба багытындагы жерлердин 40% ашууну деградациядан жабыркаган. Буга чейин жайыттардын жана токойлордун 85 пайызы туура эмес пайдалануудан улам кыртышы бузулганын Жашыл климат фонду билдирген.

Эл аралык Жашыл климат фонду Кыргызстан, Чили жана Непалдагы токой менен жайыттарды сактап калуу үчүн буга чейин 161 млн. доллар бөлгөн.

Кыргызстандын жалпы аянты 20 млн. гектар болсо, анын 9 млн. гектарын жайлоо менен жайыт ээлейт.(КЕ)

XS
SM
MD
LG