Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Түркияга жардам эсебине түшкөн каражат 26,3 млн. сомдон ашты


Түркиядагы зилзаладан кийинки көрүнүш. Хатай провинциясы. 2023
Түркиядагы зилзаладан кийинки көрүнүш. Хатай провинциясы. 2023

Кыргызстандын Финансы министрлигинин 16-февраль саат 10:00гө карата маалыматына караганда, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 26 млн. 300 миң 937 сом жана 13,5 миң рубль түштү.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн аталган министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жарандар үчүн жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алат. Андан сырткары Кыргызстанда өз алдынча акчалай жана гуманитардык жардам чогулткандар болууда.

Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстандан 200гө жакын куткаруучу жана алты дарыгер барды. 67 куткаруучу кыйроонун эртеси күнү эле жөнөп кеткен.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 41 миңден ашуун адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө баш калкасыз калды. Улуттар Уюму бул сан эки эсеге көбөйүшү ыктымал экенин эскертти. Эки өлкөдө тең 800 миңдей кишиге тамак-аш жетпей, ачык асман алдында калгандар көп экени кабарланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG