Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Улуттук банк валюта рыногуна дагы 35,6 миллион доллар сатты


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Улуттук банк 15-февралда валюта базарына 35,6 миллион доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен Улуттук банк бул аптада экинчи, жыл башынан бери төртүнчү жолу интервенция жасады. Акыркы жолу 13-февралда валюта базарына 40,2 миллион доллар саткан.

Мунун алдында 7-февралда 47,1 миллион доллар сатса, андан мурда 10-январда 104 миллион 250 миң долларды сатыкка чыгарган. Бул акыркы жылдардагы эң чоң суммадагы интервенция болуп калган. Жыл башынан бери башкы банк саткан доллардын жалпы суммасы 228,17 млн. долларга жетти.

2022-жылы Улуттук банк 15 жолу интервенция жасаган. Анын ичинде жети жолу доллар сатып алган.

Былтыр өлкөнүн негизги банкы валюта рыногуна 486 миллион доллар сатып, кайра 190 миллион доллар сатып алган.

Улуттук банк интервенция пайда табуу үчүн эмес валюта рыногундагы абалды жөнгө салуу максатында жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Ушул тапта Кыргызстандын банк тутумунда 600 млн. доллар бар жана анын анын 40% накталай.(КЕ)

XS
SM
MD
LG