Каракалпакстан окуясы: дагы 39 кишинин соту башталды

Бухара сотундагы отурум.

Өзбекстандын Бухара облустук сотунда Нукустагы нааразылыктарга байланыштуу дагы 39 кишинин соту башталды. Бул тууралуу 6-февралда өлкөнүн Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттолуп жаткандар арасында банктын юристи, адвокат, журналисттер, айдоочулар, жумушсуздар жана башкалар бар. Баары камакка алынган.

Алардын арасынан 20 кишиге жапырт башаламандык уюштуруу айыбы тагылды, жетөө коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды таратууга айыпталды. Дагы жети киши эки же андан көп адамдын ден соолугуна оор зыян келтирүүгө шек саналса, төртөөнө мыйзамсыз курал колдонгон деп күнөө тагылган. Фигуранттардын бири кыйноо жана карактоого айыпталууда.

31-январда Бухара соту Каракалпакстандагы нааразылыктын 22 катышуучусуна өкүм чыгарган. Акциялардын башкы уюштуруучусу деп айтылган журналист Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга түрмөгө кесилген. Сот дагы 15 кишини үч жылдан сегиз жарым жылга эркинен ажыраткан.

Каракалпакстан окуялары боюнча айыпталган дагы бир катар киши, анын ичинде журналист, Makan.uz сайтынын негиздөөчүсү Лолагүл Каллыханова шартуу түрдө жаза алган. Сот алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан чыгарган.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Дагы караңыз

Алматы полициясы журналисттин уулуна кол салуу фактысын иликтеп жататСот Саакашвилини камактан чыгаруудан баш тарттыЧыңгыз Айдарбеков: Маданият министрлиги куугунтуктун жана цензуранын куралына айланбашы керек Кыргызстанда 5G технологиясы алгачкы сынактан өткөрүлдү