Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

Алматы полициясы журналисттин уулуна кол салуу фактысын иликтеп жатат


Алматынын полиция департаменти журналист Динара Егеубаеванын уулуна жасалган куралдуу кол салууну иликтей баштаганын расмий билдирди.

5-февраль күнү кечинде журналист Динара Егеубаева белгисиз кишилер уулуна пистолет менен кол салышканын соцтармакка жазган. Анын айтымында, уулу подъездге качып кирип, дароо апасына чалган.

14-январда белгисиз кишилер Динара Егеубаеванын автоунаасынын салонуна кирпич ыргытышып, машинени өрттөшкөн. Автоунаанын өрттөнүп жатканы тартылган кадрларды журналист социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырган.

Егеубаева бул окуяны өмүрүнө кол салуу аракети катары баалаган. Бир нече күндөн кийин Алматы полициясы автоунааны өрттөө шеги менен беш өспүрүм кармалганын билдирген. Алар El Media редакциясынын эшигин талкалоого да шектелип жатканы айтылган.

Соңку жарым жылда Казакстанда журналисттерге жана редакцияларга чабуул жасоо учурлары көбөйдү.

Эл аралык уюмдар Казакстанды сөз эркиндигинин абалы оор мамлекеттердин катарына кошкон. Өлкө "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндиги индексинде 180 өлкөнүн ичинен 122-орунда турат.

XS
SM
MD
LG