Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Кыргызстанда 5G технологиясы алгачкы сынактан өткөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы алгачкы тест-драйвдан өткөрүлгөнүн билдирди. Ага ылайык "МЕГА" мобилдик оператору анын ылдамдыгын, сапатын сынады.

"Тилекке каршы, учурда калк арасында 5G тууралуу маалыматтын жетишсиздигенин бул технология адамдын саламаттыгына терс таасир тийгизет деген туура эмес ушактар жүрүп келет. Чынында 5G адамдарга бир топ ыңгайлуу шарттарды түзөт. Биринчи кезекте интернет байланыштын сапаты жакшырат, анын жардамы менен технологиядагы татаал маселелерди чечсе болот. Айыл чарба менен алектенген адамдар техникасына, талаасынын абалына алыстан туруп эле байкоо салууга мүмкүнчүлүк ачылат", -деп жазылган министлик тараткан маалыматта.

Былтыр сентябрда Бишкекте 5G технологиясын сынап көрүүгө байланыштуу атайын көргөзмө аянтчасы ачылган. Анда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имановдун бул технология үчүн өлкөдө тийиштүү укуктук мыйзам ченемдери иштелип чыгып, үч операторго бул стандартты сынап көрүү үчүн атайын жыштык бөлүнүп берилгенин билдирген.

Акыркы беш-алты жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараянын ишке ашырууга аракет кылып келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы болуп жарыяланган.

Былтыр президент Садыр Жапаров 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан алынарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG