«Маданият министрлиги элдин маалымат алуу эркиндигин бузуп, куугунтуктун жана цензуранын куралына айланбашы керек», - деген пикирин бүгүн 7-февралда Бишкекте “Кыргыз Республикасындагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын практикалык колдонулушу” деген темада өткөн талкууда Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
Ал таратып жаткан маалыматы үчүн ар ким жооптуу экенин, бирок ал жоопкерчилик мыйзамдуу формада көзөмөлдөнүшү керектигин белгилеп, жалпыга маалымдоо каражаттарына репрессия эмес, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, өзүн өзү жөнгө салуу системасын жакшыртуу саясаты жүргүзүлүшү зарылдыгын айтты:
«Биздин коом алдыга жетишерлик жылган, өнүккөн, билимдүү коом. Ал маалыматтын кеңири палитрасына муктаж. Маалымат мейкиндигинин кыскартылышы бул тармактын монополияга айланышына, коомдун өнүгүүсүн артка тартууга жана терс кесепеттерге алып келет. Бир дагы мамлекеттик орган өзүнө сот системасынын укуктарын албашы керек. Элдин маданиятын, бай мурасын коргоо үчүн түзүлгөн, элдик мекеме болуп эсептелген маданият министрлиги куугунтуктун жана цензуранын куралына айланбашы керек».
Депутат Айдарбеков «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо» мыйзамын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттар тобунун мүчөсү.
Бүгүнкү талкууга парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Гуля Кожокулова, Элмурза Сатыбалдиев, Дастан Бекешев, Сеидбек Атамбаев, Чыңгыз Айдарбеков иштеп чыккан мыйзам долбоорун кабыл алуу сунушталды. Эгер ал мыйзам кабыл алынса «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо» мыйзамы өзгөртүлөт.
“Фейктер жөнүндө” деген атка конгон бул мыйзам сунушталып, кабыл алынгандан бери бир топ талкуу, сын жаратып келе жатат.
Мыйзамды өзгөртүүнү сунуш кылгандар ал азыркы мазмунунда фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын белгилешти.
Жыйындын катышуучулары “Азаттык” радиосунун айланасындагы соңку жагдай боюнча да пикирин билдирип, аны жабууга көрүлүп жаткан аракеттердин мыйзамсыздыгын белгилешти. Анын толук иштөөсүнө шарт түзүүгө чакырышты.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылы кабыл алынган. Ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болушкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.
Бул мыйзамга ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлат.
Жогорку Кеңештин жогоруда аталган депутаттары бул мыйзам “демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн” деген негизде аны өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышканы былтыр сентябрда белгилүү болгон.
Бул мыйзамдын негизинде былтыркы жылдын октябрь айынан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен «Азаттыктын» сайты бөгөттөлүп турат, мындан тышкары министрлик аны жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу аракетин да көрүүдө. (RK)