Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанга барууну же транзит менен өтүүнү пландаган кыргыз жарандарын коңшу өлкөдө экстремисттик деп таанылган жана өлкө аймагына алып кирүүгө, жайылтууга тыюу салынган диний адабияттардын тизмесин окуп чыгууга чакырды.
Мекеме мындай материалдарды сактагандар жана пайдалангандар Казакстандын мыйзамдарына ылайык, өлкөдөн чыгарылып, 350-400 миң теңге айыпка жыгыларын эскертти.
Расмий маалымат боюнча, Казакстанда 30 миңдей кыргызстандык мигрант бар.
27-январдан тарта Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары Казакстанда жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Казак өкмөтүнүн тиешелүү токтому 16-январдан тарта күчүнө кирген. (BTo)
Дагы караңыз
Пакистанда мечиттеги жардырууда 70 киши жараат алдыӨзбекстан Азербайжандын Ирандагы элчилигине кол салууну айыптадыКемпир-Абад иши: абакта ооруп жаткандарды ооруканага которуу талабы коюлдуАймактарда үй курууга жер бөлүп берүү маселеси көтөрүлдүБаткендеги айыл чарба жерлерин трансформациялоо маселеси көтөрүлдү Эки жашар кызын сабап жатканы видеого тартылган келинге иш козголду