Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Аймактарда үй курууга жер бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аймактарда жер тилкелерин трансформациялап, үй курууга уруксат берүү маселеси 30-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетинин жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев жергиликтүү өз алдынча бийликтин жер берүү тууралуу чечимдерин кадастр мекемеси каттабай жатканын, кеп салынып калган тамдардын жерин мыйзамдаштыруу боюнча жүрүп жаткан өнөктүк эмес, айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоо тууралуу экенин айтты:

“Мунапыс ал там салынып калгандар да. Алардын там салып алганына 20 жылдай болду. Мейли, алардыкы мунапыс менен чечилсин, а бирок алардан тышкары жер үчүн кезекте тургандар, трансформацияны күтүп жаткандар көп болуп жатпайбы ар бир аймакта. Айыл өкмөттөн, жергиликтүү кеңештен токтом чыгып, кадастрга алып барса алар каттоого албай жатат”.

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдулат Мырзаев эгер сөз сугат жерлери тууралуу жүрүп жаткан болсо, бүгүнкү күндө аларды трансформациялоого уруксат жок экенин билдирди:

“Эгер айыл өкмөтүнөн чыккан чечимдер же токтомдор “Жер кодексине” же кабыл алынган жоболорго туура келбесе кадастр ишканасынын каттоочулары аларды четке какканга акысы бар. Себеби сугат жерге турак жай куруу тууралуу чыккан чечимди каттаган кызматкер жана жетекчи кылмыш жообуна тартылат”.

Натыйжада бул багытта жер-жерлерде иш алып баруу керек деген пикир айтылды.

Аймактарда жер тилкелерин тез арада трансформациялоо керек деген маселе Жогорку Кеңеште буга чейин да көтөрүлгөн.

“Сугат жерлерин башка категорияга которууга (трасформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзам 2009-жылдын 31-июлунда кабыл алынган.

Соңку бир жылдан бери Кыргызстанда уруксатсыз курулган үйлөрдүн жерин мыйзамдаштырууга багытталган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам алкагында айрым жер участокторуна мунапыс берилүүдө.

Бул үчүн 40 райондо, 20 шаарда 60ка жакын комиссия иштеп жатканы маалымдалган.

Мындан тышкары 2013-жылдын 15-июлундагы "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам 2021-жылы 15-августта күчүнө кирген. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилери айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG