Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:26

Баткендеги айыл чарба жерлерин трансформациялоо маселеси көтөрүлдү


Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 30-январдагы жыйынында Баткендеги чек арада жайгашкан айыл чарба жерлерин тез арада трансформациялоо маселеси көтөрүлдү.

Депутат Султанбай Айжигитов чек арадагы жерлерди трансформациялоо боюнча элдин талабы ишке ашпай жатканын айтты.

"Баткен облусу боюнча чек арадагы жерлердин трансформациясы такыр эле ишке ашпай жатат. Ошол жерлерди элге бергиле, эл барып тамарка салып, суу чыгарып, жолду өзү эле салып алат. Эмне созуп олтурасыңар? Трансформация, ал эле, бул эле дейсиңер, бирок зарыл болгон маселени ишке ашырбайсыңар".

Айжигитовдун мындай сынына жыйынга катышкан айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев жооп берди.

"Баткен облусу боюнча 131 миң гектар кунары кеткен жайыттардын трансформациясы 21-январда бүткөн. Жобосу иштелип чыгып бекиди, 40 районго мындай жобону бергенбиз. Кыргызстан боюнча 474 миң гектар кунары качкан жайыттар трансформация болду".

Баткендеги чек арага чукул жерлерди трансформациялап, элге турак жай курууга берүү маселеси бир нече жылдан бери көтөрүлүп келет.

Кыргызстанда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам 2021-жылы 15-августта күчүнө кирген. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилери айтылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG