Мидин уулу Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасына орун басар болду

Канатбек Мидин уулу.

Канатбек Мидин уулу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 6-декабрда кол койгон.

32 жаштагы Канатбек Мидин уулу 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо “Республика” партиясы менен катышкан.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын 2012-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев түзгөн. Ушул тапта комиссияны Тойгонбай Абдыкаров жетектейт. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстандагы "Власть" басылмасы Роскомнадзордун талабын аткаруудан баш тарттыБабур атындагы театрдын ремонт иштери жазында аяктары кабарландыКоомдук ишмерлер президент Жапаровду "Азаттыктын" ишине толук шарт түзүүгө үндөштү Депутат Эмил Жамгырчиев эмгек өргүүсүнө чыкканы белгилүү болдуМексикада барымтага алынган өзбекстандыктар бошотулдуКемпир-Абад иши: Сот Эрлан Бекчоро уулун камакта калтырды