Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоп, “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүгө үндөштү.
120га жакын ага кол койгон инсандардын арасында академик Абдыганы Эркебаев, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев, коомдук ишмерлер Тилектеш Ишемкулов, Роза Айтматова, Эмилбек Каптагаев, Аалы Карашев, Каныбек Иманалиев, Муратбек Мукашев, Абдывахаб Нурбаев, Рыскелди Момбеков, Мирлан Жээнчороев, жазуучу Кален Сыдыкова, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Элвира Сурабалдиева, Гуля Кожокулова, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев, Мирлан Самыйкожо, Жалолидин Нурбаев, Сеидбек Атамбаев, Нилуфар Алимжанова, Эмил Токтошев, Винера Раимбачаева жана башкалар бар.
Кайрылууга кол койгондор “Азаттык” өзүнүн дээрлик 70 жылдык тарыхында Кыргызстандын өз алдынча, эгемендикке ээ болушу үчүн советтик системанын тушунда талыкпай күрөшүп, кыргыз элинин кылымдар бою эңсеген эркиндигине жетишине зор салым кошконун, Кыргызстан эгемен, сөз эркиндигин туу туткан мамлекет катары курулушуна, өнүгүшүнө «Азаттык» аркылуу жанын үрөп кызмат кылгандардын башында Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу, Аким Өзгөн, Мамашарип Казы, Салижан Жигитов өңдүү мекенчил инсандар турганын белгилешти.
Кол койгондор өлкө жетекчилигин “Азаттык” акыркы 31 жылда Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жолунда экономика, билим берүү, коопсуздук, экология, жаштар, маданият, искусство, социалдык тармактар боюнча ары мазмундуу, ар тараптан балансталган, маалымат-аналитикалык материалдарды бардык платформаларда - радио, теле, интернет булактары аркылуу даярдап, элдин калың катарына жеткирип келгенине, IT технологиясы, ишкердик, адам укуктары, коррупцияга каршы күрөш жаатындагы көйгөйлөрдү да батыл чагылдырып турганына көңүл бурууга үндөштү.
Кайрылууда ошондой эле “Азаттык” радиосу “Эл арасындагы, өлкөнүн бардык аймактарындагы өнүгүүгө жана жаратмандыкка бет алган, мамлекетти алдыга сүрөп, коомчулукту шыктандырган үлгүлүү демилгелерди жана долбоорлорду “Данисте” сыяктуу рубрика менен кенен тааныштурууну улантууда. Коомду тазалап, агарта турган, акыйкаттыкка, адилеттикке үндөгөн, маданий-рухий баалуулуктарды муундан муунга өткөрүүгө багытталган материалдар көбөйдү. “Азаттык” көтөргөн талылуу маселелерди мамлекеттик органдар жетекчиликке алып, конкреттүү адамдардын тагдырын өзгөртүп, жашоосун жакшыртып жаткан ондогон мисалдар аракеттин акыбети кайтып жатканынын далили” деп жазылган.
“Азаттыкты” колдогон Кыргызстандын алдыңкы интеллигенция өкүлдөрү, искусство, маданият ишмерлери, окумуштуулар, четте жашаган мекендештер жана коомдун активдүү катмарынын өкүлдөрү “Азаттыктын” айланасындагы соңку окуялар тынчсыздандырып жатканын, интернет сайтынын kg доменде бөгөттөлүшү, банктык эсебинин токтотулушу Конституцияга жана мыйзамдарга туура келбеген кадамдар экенин белгилешти.
“Ошондуктан, “Азаттыктын” коомдогу жана мамлекеттеги ролун эске алып, анын ишмердигине мыйзамдуу шарттарды толук камсыздап беришиңиздерди, ишмердигинин толук кандуу калыбына келишине көмөк көрсөтүүңүздөрдү өтүнөбүз” деп айтылат кайрылууда.
26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн обого чыгарбай калган.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.
Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырган. (RK)