Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Депутат Эмил Жамгырчиев эмгек өргүүсүнө чыкканы белгилүү болду


Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына киришип жатып ант берүүдө. 2021-жыл.
Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына киришип жатып ант берүүдө. 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев атасы ооруп жаткандыктан эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу 13-декабрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында анын төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

“Эмил Жамгырчиев эмгек өргүү сурап Жогорку Кеңештин төрагасына кат менен кайрылыптыр. Атасы катуу ооруп жатканына байланыштуу спикерге кат жиберип жыйынга катыша албай жатат”, - деди Өмүрзаков.

Жамгырчиевди 27-ноябрда фракциялашы Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда чек арадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармап, кайра коё берген. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан чек арадан өтө албай калып, Чыңгыз Айдарбеков коңшу өлкөгө чыгып кеткен. Кийинчерээк Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө жүргөнүн, Кыргызстанга жакынкы убакта кайтып келерин билдирген.

“Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында Кемпир-Абад макулдашуусуна каршы болгон депутаттарга куугунтук болуп жатканын айтып, Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан аудио, видео жаздыруучу аппараттар табылганын билдирген.

УКМК бул маалыматты четке кагып, Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз болуп жатканын кабарлаган.

Көп өтпөй Башкы прокуратура аны актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев “Пара алуу” беренеси менен кармалган. Кийин үй камагына чыгып, бардык соттук инстанциялардан акталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG