Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:14

Казакстандагы "Власть" басылмасы Роскомнадзордун талабын аткаруудан баш тартты


Орусиянын Байланыш, маалымат технологиялар жана массалык коммуникациялар кызматы (Роскомнадзор) Казакстандын "Власть" басылмасынан Орусиянын Украинага кол салганы тууралуу макаласын өчүрүүнү талап кылды.

Мекеме бул талап орундалбаса, басылманын сайты Орусиянын аймагында бөгөттөлөрүн эскерткен. Редакция бул талапты аткарбай турганын кабарлады.

Роскомнадзор өчүрүүнү талап кылган материалдардын биринде Украинанын Винница шаарын Орусия ракета менен аткылап, ондогон адам өлгөнү, дагы бир материалда бир нече айдан бери орус аскерлеринин курчоосунда турган Украинанын Мариупол шаарында карапайым кишилер набыт болгону жазылган.

Роскомнадзор Казакстандагы маалымат каражаттарына буга чейин да ушундай талаптарды койгон. 14-ноябрда Аrbat.media маалымат порталы, августта Ratel.kz сайты да эскертүү алганын билдиришкен. Эки сайт тең Орусиядагы согуш тууралуу материалдарды өчүрүүдөн баш тартып, казакстандык окурмандар маанилүү экенин белгилешкен.

Newтtimes.kz сайты гана Роскомнадзордун талабын аткарган. Муну редакция Орусиядагы аудиториясын жоготкусу келбегени менен түшүндүргөн.

Казакстандын бийлиги Роскомнадзордун талабына байланыштуу расмий реакция жасаган жок. Укук коргоочулар мекеменин талабын цензура деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG