Ноокен районунда 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шек саналып, 1964-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 8-ноябрда саат 9:30да Ноокен районунда суу аккан сайдан киши колдуу болгон кыздын сөөгү табылган. Райондук милиция бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоп, экспертиза дайындалган.
Окуяны иликтөөгө Жалал-Абад, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондук бөлүмдөрдүн кызматкерлери тартылып, шектүү катары Сузак районунун 1964-жылы туулган тургуну О.А. кармалган. Ал буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгону, 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы маалым болду.
Тергөө учурунда шектүү кылмыш жасаганын айтып, окуя кандай болгонун жеринен көрсөтүп бергени да айтылат. Мындан сырткары анын “Тойота-Королла” үлгүсүндөгү унаасынан 2-3 граммдык баңгизатка окшош зат табылып, экспертизага жөнөтүлдү.
12-ноябрда шектүү Ноокен милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.
26-октябрда Ноокен райондук милициясы өзбекстандык жаранды өлтүрүүгө шектелип, Шамалды-Сай шаарчасынын 1987, 91, 93-жылдары туулган беш тургуну кармалганын билдирген. (ТВ)
Дагы караңыз
УКМК экстремизмге шектелип, эл аралык издөөдөгү адам кармалганын билдирдиЮстиция министрлиги ЖМК жөнүндө мыйзамдын долбооруна терс корутунду бердиЖашы жете элек балдарды оор жумушка тарткандарга айып пул салындыКыргызстанда кант диабетин аныктоо боюнча акция өтүүдө