Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Кыргызстанда кант диабетин аныктоо боюнча акция өтүүдө


14-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнүнө карата дартты аныктоо боюнча жер-жерлерде атайын акциялар өтүүдө.

Борбор калаадагы "Бишкек Парк" соода борборунда "Кандагы кантыңды билип ал!" деген акция башталды. Каалоочулар 14-15-ноябрда саат 10:00дөн 13:00гө чейин канындагы глюкозанын деңгээлин бекер текшертип кетсе болот. Ушундай эле акция өлкөнүн башка шаарларында дагы өтүп жатат.

Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 74 810 адам расмий каттоодо турат.

Буга чейин саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстанда кант диабетинин тигил же бул түрүнө чалдыккандар 240 миң адамдын тегерегинде экенин айткан. Дарыгерлердин айтымында, бул ооруга кыймылсыз жашоо, ашыкча салмак себеп болуп жатат.

Диабет боюнча эл аралык федерациянын буга чейинки божомолуна караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 20-79 жаштагы калктын 5,8% бул илдетке чалдыгышы ыктымал. (КЕ)

XS
SM
MD
LG