Бишкекте өткөн самбо боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Бектен Эркебай уулу коло байгенин ээси болду. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Эркебай уулу 13-ноябрда акыркы мелдеш күнү күжүрмөн самбодон 88 килограмм салмакта күч сынашып, үч беттеш өткөргөн. Ал марокколук жана египеттик атаандаштарын жеңип, беларустук спортчуга утулуп, 3-орунду ээледи.
Бектен Эркебай уулунун коло байгесин кошкондо кыргызстандык спортчулар 11-13-ноябрь күндөрү “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өткөн самбо боюнча Дүйнө чемпионатынан эки алтын, бир күмүш жана үч коло байге утушту. Спорттук самбодон Болот Токтогонов (+98 кг) алтын, Феликс Уланбеков күмүш (71 кг), Жамалбек Асылбек уулу (88 кг) коло байге алса, күжүрмөн самбодон Дайырбек Карыяев (79 кг) алтын, Саяк Бараканов (64 кг) коло байгеге ээ болду.
Самбо боюнча Дүйнө чемпионатына 51 өлкөдөн 500дөй спортчу катышты. Чемпионаттын байге фонду 231 000 АКШ долларды түздү. 1-орунга 4000 $, 2-орунга 3000 $, 3-орунга 2000 $ акчалай сыйлык тапшырылды. (ECh)