Жо Байден Си Цзинпин менен жолугушат

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ президенти Жо Байден Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Балиде өтө турган "Чоң жыйырманын" саммитинде, жыйындан тышкары жолугушат. Бул тууралуу Ак үй маалымдады.

Бул эки ири державалардын лидерлеринин алгачкы жолугушуусу.

Дүйнөдөгү экономикасы кубаттуу жыйырма өлкөдөн турган G20 тобунда АКШ, Орусия, Франция, Кытай, Индия, Жапония, Мексика жана башка мамлекеттер бар. Топтун бул жолку жыйынына Орусиянын президенти Владимир Путин катышпай турганы 10-ноябрда маалым болду.

Си Цзинпин 23-октябрда Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчылык кызматына үчүнчү ирет шайланган.

Жо Байден АКШ президенттигине 2021-жылы шайланган.

Дагы караңыз

Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификацияладыЗеленский дагы 41 калктуу конуш бошотулганын маалымдадыAI: Орусиянын жай тургундарды депортация кылганын айыптады Кемпир-Абад маселеси: Активист Эрлан Бекчоро уулу камакта калды Армиядагы аскердин өлүмү иликтенет