Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33
Жогорку Кеңештеги жыйын.
Жогорку Кеңештеги жыйын.

Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

16:11 17.11.2022

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди.

Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Жыйынга президент Садыр Жапаров катышып: “Эч коркпоңуздар. Биз туура жолдо кетип баратабыз. Жер берип жаткан жокпуз. Тескерисинче, мурдагылар берип жиберген жерлерди кайтарып алуудабыз”,- деп айтты.

Макулдашууга каршы пикирин билдирген депутат Адахан Мадумаров он мүнөт сөз берүүнү өтүнүп, колунда үч томдук архивдик документтер бар экенин айтты.

“Усубалиев, Сүйүнбаев, Разаков бир да жер бербегенин далилдеген документтер турат… Алардын баарын катып коюп, көзүңүзгө көрсөтпөй жатышат да, урматтуу кесиптештер”, - деди Мадумаров. Бирок ага сөз берилген жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кооптонууга негиз жок экенин, чек араны тактоо иши жеңил болбогонун айтып, макулдашууга кол коюлса Кыргызстандын аянты 15,5 миң гектарга көбөйөрүн билдирди.

15:54 17.11.2022

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы нааразылык акциясы өтүп жатат. Акцияга болжолдуу жыйырма чакты киши катышууда. Алар парламент депутаттарын кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу макулдашуунун долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырышты.

Ага чейин Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта да ушундай эле талап менен акция башталган. Анын айрым катышуучулары да парламент имаратынын алдында чыккандарга кошулду.

Ушундай эле талап коюлган акция Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигинин алдында да өтүп жатат.

15:25 17.11.2022

15:19 17.11.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG