Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

AI: Орусиянын жай тургундарды депортация кылганын айыптады


Мариуполдогу бомбадан коргонуучу жертөлө. Март, 2022-жыл.
Мариуполдогу бомбадан коргонуучу жертөлө. Март, 2022-жыл.

Украинанын басып алынган аймактарынан жай тургундарды мажбурлап чыгаруу Орусиянын аскердик кылмышы болуп саналат. Бул тууралуу эл аралык Amnesty International уюму жаңы баяндамасында билдирди.

Баяндамада орус бийлигинин украиналыктарды депортация кылганы да адамзатка каршы кылмыштын белгилерин камтыйт.

Укук коргоо уюму бул аракеттерди токтотууну талап кылган петицияга кол коюуга чакырып, Орусиянын бийлигине бир катар талаптарды коюшту.

Уюмдун иликтөөсүндөгү сурамжылоолорго Украинанын 88 жай тургуну катышкан. Алардын 48и согуш башталганга чейин Донецкидеги Мариуполь шаарында жашаган. Мариуполду орус аскерлери басып алгандан кийин алардын украин бийлигинин көзөмөлүндөгү аймактарга чыгуусуна мүмкүнчүлүк берилген эмес.

"Күч менен эвакуациялык автобустарга салып, Орусиянын көзөмөлүндөгү аймактарга алып барышканын" айтып беришкен. Алардын сөзүнө караганда бул көптөгөн ата-энелер менен балдардын бөлүнүп калышына алып келген. Бул эл аралык гуманитардык нормаларга каршы келет.

Сурамжылоого аннексияланган Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарынын тургундары жана Украинанын Харьков облусунун жашоочулары да катышкан.

Жергиликтүү тургундар орус аскерлеринин "электен өткөрүү" жараянынан өтүшкөнүн, бул ырайымсыз мамиле, айрым учурларда кыйноо менен коштолгонун айтышкан.

Эл аралык мунапыс уюму Орусияны украин элин мажбурлап көчүрүүнү токтотууга жана алардын Украинанын көзөмөлүндөгү аймактарга кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырды.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Сентябрда Украина контрчабуулга өткөн. Ушундан улам Донецк, Луганск, Херсон жана Запорож облустарында шашылыш референдум өтүп, бул аймактар Орусиянын курамына кирген. Украин бийлиги жана башка көптөгөн өлкөлөр добуш берүүнүн жыйынтыгын жасалма деп атап, таануудан баш тарт кан.

XS
SM
MD
LG