Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:28

Зеленский дагы 41 калктуу конуш бошотулганын маалымдады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский бейшембинин кечинде теле аркылуу билдирүү жасап, "өлкө түштүгүндөгү 41 кыштак бошотулганын" айтты.

"Украинанын өз ордуна кайра илинген желектеринин саны улам көбөйүүдө. Эл жашаган 41 конуш бошотулду. Бул жакшы жеңиш. Бирок мындай жеңиштин артында украин аскерлеринин өмүрү турганын унутпашыбыз керек. Алар өмүрүн украиналыктардын эркиндиги үчүн аяшкан жок. Алар баскынчылар эмес, алар өз жерин баскынчылардан тазалап жатышат", - деди Зеленский.

Президент орусиялык аскерлер чегинип кеткен аймактарына миналарды көөмп кетип жатканын айтып, буга Херсонду мисал келтирди.

Херсон тараптагы 41 кыштак бошотулганын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужный да маалымдап, бул октябрдан берки жетишилген ийгилик экенин билдирди.

9-ноябрда Орусия армиясы Херсондон жана Днепрдин оң жээгинен аскерлерин алып чыгып кеткен.

10-ноябрда Николаев облусундагы Снигирёвка калаасы бошотулганын жарыяланган. Шаар быйылкы жылдын 19-мартынан бери Орусиянын оккупациясында болчу.

XS
SM
MD
LG