Чек ара: Үй-жайы өрттөлгөндөр курулуштун кечиккенине кабатыр
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Баткен районундагы чек ара чырында үйү өрттөлгөн жашоочулар курулуш иштери жай жүрүп жатканын билдирүүдө. 184 үйдүн курулушу жүрүп жаткан Ак-Сай айылынын тургундары курулуш компаниялардын ишине нааразы болуп жатышат. Бул маселе Баткенге иш сапары менен барган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен жолугушууда да көтөрүлдү.