Министрлер кабинети Кара-Буура районуна Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүүнү сунуштады

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында дүйнө салган.

Министрлер кабинети айрым райондор менен айылдардын аталышын өзгөртүп, өлкөнүн белгилүү инсандарынын ысымын ыйгарууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштады. Буга байланыштуу документ Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Анда мыйзам долбоору мамлекеттик кызыкчылыктарды, тарыхый, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, улуттук идеологияны чыңдоого жана жарандарды патриоттук духта руханий тарбиялоону жакшыртуу максатында иштелип чыкканы белгиленген.

"Ушул мыйзам долбоору Кыргызстандын Эл жазуучусу, СССРдин Ленин сыйлыгынын лауреаты, СССРдин үч мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Чыңгыз Айтматов, кыргыз элинин тарыхый инсаны Ниязбек уулу Ормон хан жана Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлебердиев сыяктуу кыргыз элинин тарыхында өчпөс из калтырган инсандардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында, ошондой эле 2022-жылы Ормон хандын 230 жылдык жана Чолпонбай Түлебердиевдин 100 жылдык мааракелерин эске алуу менен иштелип чыккан", - деп белгилеген мыйзам долбоордун авторлору.

Кыргыз өкмөтү Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы, Ош облусунун Ноокат районундагы Борбаш айылын Кайрагач айылы, Талас облусунун Кара-Буура районун Айтматов району деп кайра атоону сунуштоодо. Кара-Буура районундагы Чымгент айылынын атын дагы өзгөртүү сунушу бар.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутат Таалайбек Усубалиев калаанын төрт районунун аталышын өзгөртүү зарылдыгын белгилеген. Ал Свердлов районун – Чыңгыз Айтматов же Манас, Биринчи майды – Турдакун Усубалиев же Жусуп Абдрахманов, Октябрды – Байтик баатыр же Сүймөнкул Чокморов, Ленин районун – Абсамат Масалиев же Исхак Раззаков району деп өзгөртүүнү сунуштаган.

Буга чейин коомчулукта да Бишкектеги райондордун атын кыргызча атоо сунуштары айтылып келген.(КЕ)

Дагы караңыз

"Азаттыктын" банктагы эсеби эч кандай түшүндүрмөсүз бөгөттөлдү Түрк инвестициялык фондунун кеңсесин Кыргызстанда ачуу зарылдыгы айтылдыИранда акцияга чыккан студенттер куугунтукту токтотууну талап кылыштыТөө-Ашууда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилдиБУУ, Түркия жана Украина дан ташыган кемелерди чыгарып кетүүнү макулдашты