Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Иранда акцияга чыккан студенттер куугунтукту токтотууну талап кылышты


Ирандагы Аль-Захра университетиндеги студенттердин нааразылыгы.
Ирандагы Аль-Захра университетиндеги студенттердин нааразылыгы.

Эс алуу күндөрү күч кызматтары нааразылыкка чыккандарды ок атып, көздөн жаш агызуучу газ менен кууп тараткан соң Ирандагы бир катар университеттердин студенттери окуу жайлардын кампустарында отуруп, нааразылык акцияларына кошулду. Алар колуна плакаттарды кармап, ураандарын улам кайталап жатышат.

Чогулгандар каршылыктарга катышкан башка студенттерди окуу жайдын жетекчилери тарабынан куугунтуктоону токтотууну талап кылышууда.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) мунун алдында окуу жайларда билим алгандарга катуу эскертүү берип, студенттер мындан ары акцияга таптакыр кошулбашы керектигин билдирген.

Университеттердин кампустары да нааразылыктардын очогону айланды.

22 жаштагы студент кыз 16-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалып, көз жумганы белгилүү болгондон кийин Ислам жумуриятынын булуң-бурчунда нааразылык акциялары башталган. Бийлик демонстрацияларды күч менен басып келатат.

HRANA укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, бир жарым айдан ашкан нааразылык акцияларында 272 адам өлүп, 14 миңдей адам камакка алынды. (ErN)

XS
SM
MD
LG