Бурганактап жааган кардан улам, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жол кыймылына чектөө киргизилди. Ага ылайык, жүк ташуучу автоунаалар Чүйдүн Сосновка айылынан ары өткөрүлбөй, убактылуу токтотулууда.
Транспорт жана байланыш министрлиги чектөөлөр күн ачылганча уланарын билдирди.
Ашуудагы жолдорду №9 жол оңдоо ишканасы кардан тазалап, кум-шагыл сээп жатканы кабарланды.
Аба ырайынын бузулушунан улам айдоочуларга машинелердин ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушу берилди. ZKo)