Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

БУУ, Түркия жана Украина дан ташыган кемелерди чыгарып кетүүнү макулдашты


Дан келишиминин алкагында Украинадан жүгөрү ташып чыккан Razoni кемеси. 1-август, 2022-жыл.
Дан келишиминин алкагында Украинадан жүгөрү ташып чыккан Razoni кемеси. 1-август, 2022-жыл.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Түркия жана Украина 31-октябрда украин данын экспорттоо боюнча макулдашуунун алкагында Кара деңизден 16 кеменин багытын макулдашты. Кемелер деңиздин Түркияга караштуу бөлүгүндө турат.

Reuters агенттиги кабарлагандай, бул макулдашуу Орусиянын катышуусуз кабыл алынды. Мунун алдында Москва украин портторунан азык-түлүк ташып чыгууга жол берген дан келишиминен чыгарын жарыялаган.

Стамбулдагы орусиялык, украиналык, түркиялык адистер жана БУУнун өкүлдөрү иш алып барган Биргелешкен координациялык борбордун билдирүүсүндө, Украинанын портунан чыккан дагы 40 кеме текшерүүгө алынары айтылат. Ага БУУнун, Түркиянын жана Украинанын өкүлдөрү гана катышат. Орусия тарапка бул тууралуу кабар берилди.

Биргелешкен координациялык борбордо иштеген орусиялык булак РИА-Новости маалымат агенттигине “үч тарап өз алдынча кабыл алган чечим Орусияны эч нерсеге милдеттендирбейт” деп билдирген. Бул алар кемелерге чабуул жасашы мүмкүн деген кооптонууларды жаратат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 31-октябрда Стамбулда сөз сүйлөп жатып, Орусиянын келишимден чыгып кеткенин комментарийледи.

“Стамбулда биргелешкен механизм түзүүгө жардам берүү менен биз дүйнөлүк азык-түлүк кризисин басаңдаттык. Бүткүл дүйнөгө 9,3 миллион тонна украин даны жетти. Орусия башкача чечимге барып жатат, анткени алар мындан жеңилдик албай калды. Биз жалпы адамзат үчүн аракетибизди дагы улантабыз”, – деди Эрдоган.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин украин бийлиги өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү деңиз аркылуу мурдагыдай экспорттой албай калып, кризис жаралган. Июль айында БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген. Андан бери Украинадан жүгөрү, буудай, күн карама, арпа, буурчак жана рапс данынан бир нече миллион тонна кемелерге жүктөлүп, экспорттолду.

Орусия Украинанын буудай жана башка дан азыктарын Кара деңиздеги украин портторунан башка өлкөлөргө экспорттоо боюнча келишимден чыкканын 29-октябрда жарыялады. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен түзүлгөн бул келишимден чыгуу себебин орус бийлиги Кара деңиздеги аскердик флотуна караштуу кемелерине чабуул жасалганы менен түшүндүргөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG