Foreign Policy: Орусия согушка Ооганстандагы мурдагы аскерлерди тартууну көздөйт

Ооганстандын мурдагы улуттук армиясынын тандалма бөлүгү барымтадан бошотуу операциясы маалында. Архивдик сүрөт

Орусия Украинадагы согушка Ооганстандагы мурдагы аскерлерди тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу америкалык Foreign Policy журналы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, ооган армиясынын атайын даярдыктагы бөлүгүн (коммандос) өз кезинде америкалык жана британиялык инструкторлор машыктырган. Журнал жазгандай, алар орусиялыктардан Украинага согушка барсаңар, жакшы акы аласыңар деген кайрылууларды алып жатышат.

Урушка жалдагандар кимдин атынан аракеттенип жатканы белгисиз, бирок басылманын булактары мунун артында Вагнердин аскердик жеке компаниясы ("ЧВК Вагнера") турганын болжолдошот.

Ооганстанда ушу тапта 20-30 миңдей мурдагы коммандос бар болушу ыктымал. Алар "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) бийликке кайтып келгенден кийин Батыш өлкөлөрүнө эвакуацияланууга үлгүрбөй калгандар. Көбү талибдерден жашырынып жүрүүгө мажбур.

Бардыгы эле алар душман деп эсептеген Орусия тарапта согушууга даяр эмес, бирок басылма менен маектешкендердин айрымдары аргасыздан андай кадамга барышы мүмкүн экенин айтышкан.

Дагы караңыз

Өкмөт электр энергиясы үчүн "күн-түн" тарифин киргизүүнү пландоодоЖК жапырт кармоолор боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жататИранда студент кыз Махса Амининин кыркылыгында акция өттүОштогу ооруканада бейтаптын сабалганы тууралуу окуя иликтенүүдө Көмүрдү автотранспорт менен экспорттоого убактылуу тыюу салынды