Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

ЖК жапырт кармоолор боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат


Жапырт кармалган саясатчылар жана активисттер
Жапырт кармалган саясатчылар жана активисттер

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда оппозициялык саясатчыларды жана активисттердин жапырт кармалып, камакка алынышына байланыштуу укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.

26-октябрдагы жыйында Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү депутаттарга маалымат берүүдө. Ички иштер министринин орунбасары Эркебек Аширходжаев кармоолорго байланыштуу ишти иликтөө купуя жүргүзүлүп жатканын айтты.

Депутат Дастан Бекешев бул кармоолорду негизсиз деп, жогорку бийликтин буйругу катары сыпаттады. Башкы прокурордун орунбасары Турусбек Ишеналиев кармалгандарга карата козголгон кылмыш иши негиздүү экенин белгиледи.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-октябрда кармалып, дээрлик баары эки айга камакка алынды. Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ)билдиргендей, аларга Кылмыш жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

Кармалгандар буга чейин чогулуш өткөрүп, башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар акция өткөрүп, камалгандарды эркиндикке чыгаруу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Эл аралык Human Rights Watch уюму кармалгандарды бошотууга чакырды. Акыйкатчынын кеңсеси алардын абалына байкоо салып жатканын маалымдаган.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигишпесин, чекитти сот кое турганын айткан.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (SE)

XS
SM
MD
LG