Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Көмүрдү автотранспорт менен экспорттоого убактылуу тыюу салынды


Кара-Кече көмүр кени.
Кара-Кече көмүр кени.

Министрлер кабинети Кыргызстандан көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууга убактылуу тыюу салынганын 26-октябрда билдирди. Бул тууралуу чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Ага ылайык, алты айлык мөөнөткө киргизилген чектөө кыргыз-кытай чек арасындагы "Иркештам” жана “Торугарттан" башка бардык өткөрмө бекеттерге тиешелүү.

Бул чечимдин аткарылышы боюнча тиешелүү министрликтерге зарыл чараларды көрүү тапшырырлды.

Кыргызстанда 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салган. Энергетика министри Таалайбек Ибраев 13-октябрдагы маалымат жыйында мындай чечим өлкөдө көмүргө болгон суроо-талап көп болгондугуна байланыштуу кабыл алынганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG