Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:10

Өкмөт электр энергиясы үчүн "күн-түн" тарифин киргизүүнү пландоодо


Энергетика министрлиги электр энергиясын керектөөдө "күн-түн" деген тарифти киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу энергетика министри Таалйбек Ибраев Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында билдирди.

“Эсептегичтерди өндүргөн кыргыз-орус биргелешкен ишкана ачыла турганын белгилеп кеттим. Ошол эсептегичтерге “күн-түн” деген тариф кирет. Эки жыл болобу, беш жыл болобу, бул тарифке өтөбүз. Азыр кээ бир санаторияларда бул колдонулуп жатат. Түнкүсүн арзан, күндүз кымбат төлөшөт. Ошондуктан тамак жасоону жана кийим жууп, үтүктөгөн жумуштарды түнкүсүн кылышат. Биздин ишкерлерге дагы пайдалуу болот эле. Тигүү цехтери дагы ошого өтүп кетишмек”, - деди министр.

Ибраев Кыргызстанда электр энергияны колдонуунун жогорку чеги кечки саат 18:00дөн 21:00гө чейин жана эртең мененки 7:00дөн 11:00гө чейин экенин кошумчалады.

Буга чейин Министрлер кабинети электр энергиясын керектөөчүлөрдүн жаңы категориясын киргизген. Өкмөт электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн жаңы тарифти 5 сом 4 тыйын өлчөмүндө бекиткен.

Жаңы тариф келишим боюнча ыктыярдуу негизде колдонулуп, электр энергиясын жана анын кубаттуулугун чектөөсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.

Былтыр октябрдан баштап электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирип, өндүрүш үчүн баа кымбаттаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG