Пакистандын Балучистан аймагында балдарды шал оорусуна каршы эмдеген дарыгерлерди коштоп жүргөн полиция кызматкерин белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Топтун башка мүчөлөрү жабыркаган жок. Кол салгандар качып кутулууга үлгүргөн. Кылмыш үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.
Пакистанда беш жылдан бери өткөрүлүп келаткан эмдөө өнөктүгү дүйшөмбү күнү башталган. Апрелден тарта өлкөдө балдар арасындагы шал оорусунун 20 жаңы учуру катталып, илдетти түп-тамыры менен жоюу аракетине көлөкө түшүрүүдө.
Дүйнөдө бул кооптуу вирус Пакистан жана кошуна Ооганстанда гана кала берүүдө.
Дагы караңыз
Токмоктогу мал базарда аксакалдын акчасын уурдоого шектүү адам кармалдыМедиа уюмдар акыйкатчыдан Венеция комиссиясына кайрылууну сураныштыАктивист Атай Бейшенбек эки айга камалдыРахмон Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилгенин бышыктадыКыргызстанда чөп үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча федерация түзүлдүРиши Сунак Британиянын премьер-министри болду