Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Кыргызстанда чөп үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча федерация түзүлдү


Чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту боюнча Кыргызстандын федерациясынын ачылыш аземинде. 25-октябрь, 2022-ж.
Чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту боюнча Кыргызстандын федерациясынын ачылыш аземинде. 25-октябрь, 2022-ж.

Кыргызстанда чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту боюнча федерация түзүлдү. Уюмдун расмий ачылышы бүгүн, 25-октябрда Бишкектеги “Дордой” спорт комплексинде өтүп, ага спорт ишмерлери, Кыргызстандагы спорттук федерациялардын өкүлдөрү жана спортчулар катышты.

Иш-чарада Казакстандан келген спортчулар мастер-класс уюштуруп, жергиликтүү оюнчулар менен мелдеш өткөрүштү.

Кыргызстандын чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту боюнча федерациясынын президенти Кубан Атагараевдин айтымында, өлкөдө бул спорттун түрү менен 100гө жакын спортчу машыгат.

"Биз Азиянын жана Эл аралык чөп үстүндө ойнолуучу хоккей федерациясынын курамына кирүүнү пландап жатабыз. Учурда биз Кыргызстандын муз үстүндө шайба менен ойнолуучу хоккей федерациясы менен тыгыз иштеп жатабыз. Жакынкы күндөрү балдар үчүн атайын секцияларды ачып, аларды керектүү шаймандар менен камсыз кылууга даярданып жатабыз. Азыр биз 450 спортчуну спорттук шаймандар менен бекер камсыз кыла алабыз жана жакынкы күндөрү команда түзүп, машыга баштайбыз",- деди Кубан Атагараев.

Спорттун бул түрүнөн Кыргызстанда алгачкы расмий мелдештерди 2023-жылдын март-апрель айларында өткөрүү пландалууда.

Чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту 19 кылымда Англияда пайда болгон. Мында ар бир командада 11 спортчу таяк менен (клюшка) теннис тобундай болгон ак топту атаандаштын дарбазасына киргизүүгө аракет кылат. Аталган спорт 1908-жылы жайкы олимп оюндарынын тизмесине киргизилген. (GT)

XS
SM
MD
LG