Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:46

Медиа уюмдар акыйкатчыдан Венеция комиссиясына кайрылууну суранышты


Кыргызстандык журналисттер.
Кыргызстандык журналисттер.

Кыргызстандагы медиа жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү акыйкатчы Атыр Абдрахматовадан Венеция комиссиясына кайрылып, "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзам долбооруна байланыштуу корутунду алууну суранышты.

Кайрылуу омбудсменге он уюмдун жана кыркка жакын журналисттин атынан жолдонду. Алар жаңы мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жарата турганын белгилешип, кыргыз журналистикасына жаратчу тобокелдиктерди эске алуу менен Венеция комиссиясына кайрылуу керектигин билдиришкен.

28-сентябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору сунушталган. Коомдук талкууга коюлган бул документти президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы иштеп чыккан. Медиа эксперттер менен юристтер долбоор Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектеп, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө дээрлик мүмкүн болбой кала турган жагдайга алып келерин айтып чыгышты.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин тескөөчү учурдагы мыйзам 1992-жылы 2-июлда кабыл алынган. Талдоочулар бул документти 30 жылдан бери эч өзгөрүүсүз иштеп келаткан сапаттуу, туруктуу, сөз эркиндигин бекемдөөгө салым кошкон мыйзам катары сыпатташат.

“Медиа полиси институту", "Адилет" укуктук клиникасы сыяктуу уюмдар жаңы мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырып жатыщат.

Президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Кыргызстанда сөз эркиндигин муунтуу мүмкүн эместигин, мамлекеттик маалыматтык саясат ачык экенин билдирген.

  • Венеция комиссиясы (расмий аталышы - Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы) - Европа Кеңешинин алдындагы конституциялык укук боюнча кеңеш берүүчү орган. 1990-жылы түзүлгөн бул комиссиянын ишине 2002-жылдан бери Европа Кеңешине мүчө болбогон өлкөлөр да катыша алат. Сессиялар Венецияда өткөрүлгөндүктөн расмий эмес түрдө "Венеция комиссиясы" деп айтылат.(SE)

XS
SM
MD
LG