Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:31

Риши Сунак Британиянын премьер-министри болду


Падыша Чарльз Үчүнчү жана Риши Сунак. Лондон, 25-октябрь 2022-жыл
Падыша Чарльз Үчүнчү жана Риши Сунак. Лондон, 25-октябрь 2022-жыл

42 жаштагы Риши Сунак Британиянын өкмөт башчысы болуп дайындалды. Мурда финансы министринин кызматын аркалаган саясатчыга 25-октябрда падыша Чарльз Үчүнчү кабинет түзүүнү тапшырды. Сунактын теги индиялык, ал британ тарыхында эң жаш премьер болду.

Өткөн жуманын аягында Лиз Трасс өкмөттү 44 күн башкаргандан кийин отставкага кеткен. Дүйшөмбүдө Консервативдүү партия Сунакты өз лидери кылып шайлаган.

Эксперттер 2020-жылдын февралында финансы министрлигин жетектеп баштаган Сунак пандемияда ийгиликтүү иштегенин белгилешет. Быйыл июлда Борис Жонсондун саясатына макул болбой кызматынан кеткен.

Сунак мульти миллионер. Ал Оксфорд жана Стэнфорд өңдүү абройлуу окууу жайларда билим алган. Жубайы Акшату Мурти индиялык миллиардердин кызы. Жаңы премьердин эки кызы бар.

XS
SM
MD
LG