Украин аскерлери билдиргендей, Орусия жакында эле мобилизация аркылуу аскерге тартылган адамдарды Херсонго жөнөттү.
"Мобилизацияланган эки миңдей адам орустар убактылуу басып алган Херсон облусуна жоготуулардын ордун толтуруп, бөлүктөрүн бекемдөө үчүн келди. Ошол эле маалда аймактын Москва дайындаган бийлиги "банк мекемелерин", орусиялык мугалимдерди жана дарыгерлерди эвакуацияга даярдоо буйругун берди", - деп жазылат украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 21-октябрда тараткан билдирүүдө.
Украин армиясы Херсон облусунда контрчабуулун улантууда. Президент Владимир Зеленскийдин кеңсеси 20-октябрда билдиргендей, соңку бир суткада украин күчтөрү Орусиянын облустагы аскердик жайларына 15 жолу чабуул коюшту.
Дагы караңыз
Орусия Херсондун элин эмнеге көчүрүүдө?Согушка чейин 300 миңдей киши жашаган Херсон шаарын орус күчтөрү согуштун алгачкы күндөрүндө басып алган. Ал Днепрдин боюнда жайгашкандыктан стратегиялык мааниге ээ.
30-сентябрда Херсон менен кошо Украинанын Луганск, Донецк, Запорожьени Кремль күч менен аннексиялап алганын жарыялаган. Бул кадамды эл аралык коомчулук бир ооздон айыптап, Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган жок.
19-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын аталган үч облусуна аскердик абал киргизүүгө буйрук берди.
Дагы караңыз
Парламент ЖК регламенти тууралуу мыйзамдын макулдашылган вариантын кабыл алдыБаткенди калыбына келтирүүгө бюджеттен 100 млн. сом которулду"Эйр Манастын" жаңы учагы Орусияга каршы санкциялардан улам учпай туратБекназаров УКМКга кирип чыкканын айтты