Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Орусия Херсондун элин эмнеге көчүрүүдө?


Херсондун тургундары.
Херсондун тургундары.

Херсон облусунун орусиячыл бийлиги түйүнчөктөрүн көтөргөн тургундарды Днепр дарыясынын сол жээгине көчүрүп жатканына эки күн болду. Жалпысынан жакынкы күндөрү 50-60 миңдей адамды эвакуациялоо пландалган. Карапайым тургундарга «украин армиясы Херсонго кирип келатканын, калаа аткыланарын» эскертип жатышат.

Анткен менен Херсон облусунун мыйзамдуу бийлиги эвакуацияны Орусия тараптын шоусу катары сыпаттап жатат.

Украин президенти Владимир Зеленскийден кеңсесинин башчысы Андрей Ермак армиясы калааны аткылабаганын билдирди. Украин аскерлери соңку жумаларда облустагы ондогон кыштакты орус күчтөрүнөн тазалаган.

Орус армиясы Херсон облусунун көп бөлүгүн февраль айынын соңунда басып алган. 30-сентябрда Херсон менен кошо Украинанын Луганск, Донецк, Запорожьени Кремль күч менен аннексиялап алганын жарыялаган. Бул кадамды эл аралык коомчулук бир ооздон айыптап, Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган жок. Ал эми 19-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын аталган үч облусуна аскердик абал киргизүүгө буйрук берди.


Федерация кеңеши Путиндин чечимин бир добуштан колдоду.

Буга чейин орус бийлиги аймактарга жана өлкөгө аскердик абал киргизүү маселеси күн тартибинде жок экенин кайталап келген.

Расмий Киев Кремлдин бул кадамын кескин айыптады.

«Украина үчүн бул эч нерсени өзгөртпөйт, өз аймактарыбызды бошотууну жана дэоккупациялоону уланта беребиз»,- деп «Твиттерге» жазды украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк.

Ал эми АКШнын президенти Жо Байден "Путин чындап оор абалга кептелгенин" билдирди.

"Аскердик абал" эмнени билдирет?

Орусиянын "Аскердик абал" тууралуу федералдык мыйзамына ылайык, аймакта тартип күчөтүлөт, эркин жүрүү чектелет, өлкөдөн чыгууга тыюу салынат, коменданттык саат киргизилет. Херсон облустук кеңешинин депутаты Сергей Хландын айтымында, ошондой эле бул режим аймак тургундарын аскерге тартууга жол ачат.

"Херсон, Запорожье, Луганск, Донецк облустарынын жарандарын курулуш жана башка жумуштарга, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн катарына мобилизациялоого жол ачылат. Баскынчылардын логикасына караганда, жасалма референдумдар өткөрүлүп жаткан маалда аталган облустарда болгон адамдардын баары Орусиянын жарандары катары эсептелет", - дейт депутат.


Андан тышкары Орусиянын бүтүндөй аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо күчөтүлгөн режимге өттү.

Түштүк жана Борбордук федералдык аймактарга, анын ичинде Москвага күжүрмөн даярдыктагы режим киргизилди.

Ал эми Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралынын аймагына, Украина менен чек аралаш беш облуста коопсуздук чаралары дагы катаалдашат. Тактап айтканда, бул аймактын тургундары чек арадан ээн-эркин кирип чыга албайт, жергиликтүүлөрдү күчтөп башка жактарга көчүрүүгө уруксат берилет.

Херсонго өзөктүк сокку жасалышы мүмкүнбү?

Стратегиялык деп саналган Херсон шаарында согушка чейин 300 миңдей адам турчу. Алардын көбү Орусия басып киргенде чыгып кетүүгө үлгүргөн. 18-октябрда Украинадагы биргелешкен орус күчтөрүнүн башкы кол башчысы Сергей Суровикин Херсондо кырдаал «чыңалып» турганын айтып, «оор чечимдерди кабыл алууга» туура келерин билдирген. Адистер анын сөздөрүн ар кандай чечмелеп жатышат. Айрым эксперттер белгилегендей, Суровикин аймакка өзөктүк сокку уруу тууралуу айтып жатышы ыктымал. Мындай пикири менен саясат таанучу Иван Преображенский «Настоящее время» каналына курган маегинде бөлүштү.

"Жөнөкөй эмес чечимдер дегени кайсы бир аймактан же Днепрдин бир жээгинен толук чыгып кетүү дегенди билдирсе керек деген ойдомун. Башка жагынан алганда, жөнөкөй эмес чечим - бул тактикалык өзөктүк курал колдонуу дегенди айтыруу үчүн Суровикинди чыгарышса керек. Анткени мындай концепциянын авторлорунун бири деп дал ошол Суровикин саналат. Демек, ал жөнөкөй эмес чечим тууралуу айтып жатса, анда биз ал тактикалык өзөктүк курал колдонуу ыктымалдуулугун карап жатат деп түшүнсөк болот", - дейт саясат таануучу.

Ал эми Британиянын чалгын кызматы Суровикиндин сөздөрүн талдап, Орусия аскерлерин Днепр дарыясынын батыш тарабынан чыгарып кетүүнү олуттуу карап жаткан болушу мүмкүн деп билдирди.

XS
SM
MD
LG