Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:21

Парламент ЖК регламенти тууралуу мыйзамдын макулдашылган вариантын кабыл алды


Парламент 20-октябрдагы жыйындын соңунда "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү" мыйзамдын макулдашылган вариантын кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, мыйзам долбоору эми президентке кол коюуга жөнөтүлөт.

Буга чейин ЖК регламенти тууралуу үч окууда кабыл алынган мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров артка кайтарган. Парламенттин жайкы тыныгуудан кийинки алгачкы жыйынында депутат Исхак Масалиев президент долбоорду кайра кайтарганда бир канча жобого каршы пикирин билдиргенин айтып, аны Жогорку Кеңештин макамын төмөндөтүү катары баалаган. Мындан улам тармактык комитет мыйзам долбоорун чукул арада карашы керектигин сунуштаган.

Парламент аталган мыйзам долбоорун жайкы тыныгууга кетер алдында чукул карап, дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрда өткөн. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы 90 депутаттан куралган. Алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG