Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Бекназаров УКМКга кирип чыкканын айтты


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы Азимбек Бекназаров 20-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине чакыртылган. Саясатчынын "Азаттыкка" билдиргени боюнча эч кандай сурак болгон эмес:

"Мени "төрага өзү сиз менен жолуккусу келип жатат, суу чарба адистери да келишти" деп алып барышты. Саат 12де баргам, төрткө чейин жөн эле кармап отурушту. Саат төрттө кое беришти. Президент менен жыйынга барбасын деген маанайда эле кармашты, анткени ал жыйынга да өздөрү чакырып, "келип бериңиз" дешкен. "Макул, барам" дегем. Эч кандай сурак болгон жок, чай ичип отурдук. "Мына келип калат" деп атышып, кеч болду", - деди Бекназаров.

Саясатчы Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад боюнча туура эмес маалыматтарды таратканы үчүн коопсуздук кызматына суракка чакыртылганын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 20-октябрда президент Садыр Жапаров менен активисттер жолугушкан жыйында билдирген. Ташиев Бекназаровдун видео кайрылуусунда айткандары "чындыкка дал келбейт" деди.

Аталган кайрылууда Азимбек Бекназаров Кыргызстан тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыз тараптыкы болгонун, жергиликтүү тургундар кайсы жерлер өткөндүгүнөн кабары жоктугун айткан.

Бекназаровдун суракка чакырылышы боюнча УКМКнын басма сөз кызматы маалымат бере элек.

Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров 14-сентябрда экстремисттик материалдарды тараткан деген шек менен кармалып, камакка алынган. Уулунун камалышын саясатчы өзүнүн оппозициялык ишмердигине байланыштырган.

Президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер 20-октябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айланасындагы кырдаалга түшүндүрмө беришти. Жыйынга жарандык активисттер, чек арадагы айылдардын тургундары чакырылып, жабык өттү.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозициядагы саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган. (ZKo/TSh)

XS
SM
MD
LG