Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, ар бир автоунаага видеокаттоо (видеорегистратор) орнотууну милдеттендирүүнү көздөөдө.
Бул тууралуу мыйзам долбоору 14-октябрдан тарта коомдук талкууга коюлду. Министрлик видеокаттоо орнотуу коомдук коопсуздукту чыңдоого жана айдоочулардын тартибин күчтөндүрүүгө шарт түзөрүн билдирүүдө.
"Жол эрежесин бузгандарды аныктоого жана жол кырсыктарынын себебин талдоого жол ачылат, айдоочулардын жоопкерчилиги көтөрүлөт жана өлкөдө кылмыштуулуктун азаюусуна шарт түзүлөт", - деп жазылган маалыматта.
Мыйзам долбооруна ылайык, өзгөртүлгөн мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Демилгечилер бул убакытка чейин айдоочулар видеорегистратор сатып алууга жетишет деп билдиришкен.
ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мыйзам долбооруна жарандар дагы өзгөртүүлөрдү сунуштай алышат.
Кыргызстандын базарларында машинеге орнотулуучу видеокаттоо аппаратынын баасы 2 миң сомдон жогору турат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров апрель айында ички иштер министри Улан Ниязбековго өлкөдөгү бардык машинелерге милдеттүү түрдө видеокаттоо системасын орнотуу каралган мыйзам долбоорун даярдоону тапшырган.
Ал эми февраль айында Акылбек Жапаров милицияга жол кырсыктарын 50% азайтуу тапшырмасын берген. Автомектептерге лицензия берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформа үзүрүн бериши керектигин эскерткен.
ИИМдин маалымдашынча, 2021-жылдан 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргызстанда 11 722 жол кырсыгы катталган. Андан 1 247 адам мерт кеткен. 18 миңден ашуун адам түрдүү жараат алган.
Жол кырсыгынан каза болгондордун 70% ашууну 25-40 жаштагы жарандар.(ZKo)
Дагы караңыз
Кыздарды өсмөгө каршы эмдөө бир айдан кийин башталатБишкекте сөз эркиндигин коргоого арналган жүрүш уюштурулду (видео)Бишкекте эркин медианы колдогондор жүрүшкө чыктыУкраина өткөн айда жүздөгөн калктуу конуштарды бошоттуПрезидент Жапаров КМШ Мамлекеттеринин башчыларынын саммитине катышуудаЧек арада күйгөн үйлөрдүн 400дөн ашууну Баткен районунда экени айтылды Ирандын башкы судьясы демонстранттарга катаал чара көрүүнү буйруду“Медиа полиси” "Азаттыкка" каршы акцияны системалуу чабуулдун бир бөлүгү деп мүнөздөдү